Мир Кадыр : другие произведения.

Жүрөгүмдө Кыргызстан

Самиздат: [Регистрация] [Найти] [Рейтинги] [Обсуждения] [Новинки] [Обзоры] [Помощь|Техвопросы]
Ссылки:


 Ваша оценка:

Мен уктум кечээ, бир акын жазган ырларын
Сен үчүн төгүп, жүрөктө жаткан сырларын
Сөздөрдө турат, гүл өнүп,  булбулу сайрап,
Аңкыган бакта аралап өзү жүрүптүр
Айланып тоосун, талаасын, жерин-кырларын.

Тизилген сөздөр, жүрөккө жагат бал болуп,
Бутагы бүрдөп, көлөкө түзөт тал болуп,
Шылдырап аккан суусу да ырдайт куюлуп,
Жайнаган гүлү, адырда аңкыйт кыр толуп.

А менин жазган ырларым
Супсак, тузу жок, мурчу да жоктой...
Мен сенсиз Теңир,  жаза албайм,
Ага албайм дагы, жүрөккө толгон сырымды 
Бирок ката да албайм.

Бүгүн да кечте ырларым Сага,
Сырларым Сага арналды
Жашырам кантип
Жаныма толгон арманды?
Сен жокто жаным ыйлайт да,
Күлөт да, кээде ырдайт да...

А бирок толуп жанымдын
Бөксөөсү мелт-калт.
Сен келип толго алганда
Энемдей эмизип баккан
Ак сүтүн берген адамдай

А бирок менден таптакыр
Жадаган жоксуң  Теңир
Менден түк да түйүлбөдүң үмүт үзүп,
Ишенип, тилек кылып келатасың
Дагы деле жашоомо план түзүп.

Кооз сөздү жаза албадым акын болуп
А ордуна жүрөгүмө куса толуп
Сөздөрүм коюлушуп чубурган жок
Маңызы жок сөздөрүмдү келдиң угуп.

Теңирим сенин келишиң
Жаркырап жаздай күлүшүң
Бар дүйнөм толуп-ташып
Байлык конуп, жаным толуп
Алаарым сендей үлүшүм...

Берээриң мага, бул жердин таза жемишин
Аларым менин асмандан берген жеңишин
Күйөөрүм мени ыйгарбай мени башкага 
Чегилет менде бар болгон көйгөй.

Бир гана сенин келишиң ,
Сен барда таза Рухум да,
Жанымдын ичи, төрү да.
Сөздөрүм анык, жазылган баракта көбү да.

Бир гана сенде ыймандай сырым ачылат,
Жан дүйнөм жыргап катылган ойлор чачылат,
Себепти терем, акылга келген 
Максатым жазам жана айтам
Чер жазам Сенде, унутам Сенде
Сергийм да Сенде.
Сагынам дүйнөм, эңсеген дүйнөм
Сен менен толот, көксөөм басылат.

Жашоом супсак сенсиз Теңир
А менин белдүү адамым жок.
Белимди курчап турган
Жалгызмын Ата Сенсиз.
Жанымда күйөөрүм жок, 
Эсептешпей, сүйүп жана кучактаган.

Эгерде мен сүйүүгө тойгон болсом
Ааламдын ээсин Теңиримди
Унутмакмын, кастарлабай.
Эгерде мага бийлик тийген болсо
Колумда максат жана байлык болсо
Кечир Теңир, сен мендей пендеңди
Калмакмын мен сени кадырлабай.

Ыйлабайм, мен ошого армандабайм,
Сүйүүгө тойгон жокмун адамдардан.
Ала албай калдым ошол сүйүүнү деп,
Дүйнөдөн издебеймин, бирөөнүн бут алдына
Күтпөймүн, кайгырбаймын жалпаңдабай.

 Ваша оценка:

Связаться с программистом сайта.

Новые книги авторов СИ, вышедшие из печати:
О.Болдырева "Крадуш. Чужие души" М.Николаев "Вторжение на Землю"

Как попасть в этoт список
Сайт - "Художники" .. || .. Доска об'явлений "Книги"